Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:23

Түндүк Корея өзөктүк изилдөөлөрүн токтотмой болду


Түндүк Кореянын өзөктүк программаларынан чыккан маселе боюнча Бээжин шаарында жакында баштала турган жаңы сүйлөшүү алдында америкалык жана түндүк кореялык дипломаттар бүгүн атайын билдирүү жасап, Пхеньян өзөктүк изилдөөлөрүн токтото турганын жарыялады. Америкалык өкүлчүлүктүн башчысы, АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Кристофер Хиллдин айтымында, андан эки тарап тең утат:

- Алар үчүн бул өтө оор чечим болду, бирок ал туура. Түндүк Кореянын коопсуздугу, анын ийгилиги менен жыргалчылыгынын өзөктүк куралга тийешеси жок. Чындыгында анын баары - башка мамлекеттер менен болгон байланыштарга көз каранды.

1990-жылдардын башында Түндүк Корея Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу эл аралык келишимден чыгып кеткен жана эми ага кайрадан кошулат. Пхеньяндын чечимин Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик кубаттоо менен кабыл алганын жарыялады.

XS
SM
MD
LG