Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:24

Таласта “Хизб-ут Тахрир” жандана баштады


ТАЛАС. Алар Талас университетинин окутуучуларына чейин келишип, диний баракчаларын, китепчелерин беришип, студенттер арасында үгүт иштерин ачык жүргүзүп башташты. Университеттин гуманитардык факультетинде өткөн семинарда улуттук коопсуздук кызматынын адистери, Талас шаарындагы Хамза мечитинин имамы Сулайман Акрамов , окуу жайдын окутуучулары менен студенттер “Хизб-ут Тахрир” диний уюмунун демократиялык өнүгүүгө каршы келген чакырыктарына ишенбөө жана алардын жолун жолдобоого чакырышты. Айрым бир окутуучулар талкуу бир жактуу уюштурулгандыгын, Таласта “Хизб-ут Тахрирден” тышкары протестанттык диний агымдын катарына кыргыз жаштары көп өтүп кеткендигин айтышып, алардын өздөрүн катыштырып, талкуу уюштуруу пайдалуу болорун айтышты. Мындан кийинки талкуулар ушундай багытта боло турган болду.

XS
SM
MD
LG