Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Ошто эки граната табылды


ОШ. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага инспектору Замирбек Сыдыковдун айтымында, ушул жылдын 17-август күнү шаардын борбордук көчөлөрүнүн биринде жайгашкан ресторанда той болуп жаткан учурда, 1986-жылы туулган, эч жерде иштебеген үч өспүрүм жигит Равшан Хасанов, Ислам Мадрахимов жана Айбек Кочкоров үйлөнүү тойунун ээсин жана анын досторун граната менен жардырып салабыз деп коркутушкан. Оперативдүү маалымат боюнча окуя болуп жаткан жерге жетип келген милициянын кызматкерлери жогорудагы үч өспүрүм жигитти кармап, жекече тинтүү иштерин жүргүзүштү. Тинтүүнүн натыйжасында Ислам Мадрахимовдун жанынан “Ф-1” маркасындагы эки даана кол гранатасы табылды. Жардыруучу зат менен колго түшкөн жигиттер алдын ала тергөөдө алар эки даана гранатаны шаардын четиндеги курулуп бүтпөй калган имараттын ичинен табышкандыгы жана аны бирөөлөргө карата жардыруу ниети болбогондугу жөнүндө көрсөтмө беришти. Учурда шаардык милиция кызматкерлери табылган гранатанын чыныгы ээсин табуу боюнча оперативдүү иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Учурда кармалган үч өспүрүм жигиттин үстүнөн Кылмыш жаза кодексинин 241-беренеси боюнча жардыруучу куралды мыйзамсыз сактаган деген айыптоо менен кылмыш иши козголууда.

XS
SM
MD
LG