Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Депутат Б.Эркинбаев күч структураларын сынга алды


БИШКЕК. 19-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда депутат Баяман Эркинбаев өлкө аймагында буйрутма адам өлтүрүүлөрдүн бети ачылбагандыгын, жеке менчиктерди мыйзамсыз басып алууларга карата катуу чара көрүлбөгөндүгүн айтып Коопсуздук кызматын, Ички иштер министрлигин, Башкы прокуратураны сынга алды:

- Ошол мыйзамсыз аракеттерге укук коргоо кызматкерлеринин, коопсуздук кызматынын кызматкерлери себепкер болсо, көчөдөгү “наркобарондор” себепкер болсо, баш көтөргөн депутаттарды атабыз деген “киллерлер” себепкер болсо - мен өлүмдөн коркпойм. Ар бирибиздин башыбызда бир өлүм. Эгерде биз мамлекеттин келечеги үчүн, өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбыз үчүн жашай турган болсок мыйзамдуулук сакталып, тартип болушу керек. Эгерде баш аламандыктар улана берсе анда бүгүнкү күндөгү парламентти таратканга мен дагы кошулам.

XS
SM
MD
LG