Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:56

Айдар Акаевди 6 депутат колдоду, 7 депутат бюллетенди бузду


БИШКЕК. Айдар Акаевден депутаттык кол тийбестикти алып салуу боюнча Жогорку Кеңеште добуш берген 66 депутаттын 53ү башкы прокуратуранын сунушун колдоду, 6 депутат каршы болду. Алардын катарында депутаттар Алишер Сабиров, Юрий Данилов, Сергей Попов, Нурдин Абдылдаев, Дамир Өскөнбаев, Олег Журавлев бар. Мындан тышкары жети депутаттын бюллетени жараксыз деп табылды. Алардын катарында Садыр Жапаров, Айдарбек Керимкулов, Авазбек Момункулов, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Марат Султанов, Тынычбек Акматбаев бар. Ал эми Жогорку Кеңештин бул отурумуна катышпай калган депутаттардын катарында Айдар Акаев, Муратбек Малабаев, Каныбек Иманалиев, Ташкул Керексизов, Роман Шин жана Мухаммаджан Мамасаидов бар. Төрага Өмүрбек Текебаевдин билдиргенине караганда, аталган депутаттардын акыркы экөө төрагадан уруксат алып кетишкен.

XS
SM
MD
LG