Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

Айдар Акаев депутаттык кол тийбестиктен ажырады


БИШКЕК. 19-сентябрда Жогорку Кеңеш Айдар Акаевден депутаттык кол тийбестикти алып салуу маселесин талкуулап, башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырды. Бул маселе добуш берүү жолу менен чечилип, бюллетень салуу ачык болду. Натыйжада Жогорку Кеңештин 72 депутатынын 66сы добуш берүүгө катышты. Анын жыйынтыгын эсептөө палатасынын төрагасы, депутат Сооронбай Жээнбеков жарыялады:

- Энчилүү бюллетендерди пайдалануу менен, атын атап добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айдар Аскарович Акаевди кол тийбестигинен ажыратуу менен, аны кылмыш жообуна тартууга макулдук берилсин. Ушул протоколду бекитүү Жогорку Кеңештен суралсын.

Протоколдун негизинде ушул эле күнү парламент токтом кабыл алды. Парламент добуш бергенге чейин отурумдун биринчи бөлүгүн жабык өткөрдү. Ал эми отурумдун ачык өткөн экинчи бөлүгүндө адегенде комиссиянын төрагасы Искак Масалиев комиссиянын бүтүмүн жарыялады. Анын соңунан депутаттар башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун маалыматын укту жана суроо-жооп болду. Парламентте маалымдалганга караганда, мыйзам боюнча Айдар Акаев кол тийбестик укугунан ажыраганы менен, депутаттык ишин уланта берүүгө укуктуу.

XS
SM
MD
LG