Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

Башкы прокурор кызматынан алынды


Президент Курманбек Бакиевдин 19-сентябрдагы жардыгына ылайык, башкы прокурор Азимбек Бекназаров ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ушул эле күнү кечинде президенттин маалымат кызматы кабарлады. Бекназаровду кызматтан алуунун себеби тууралуу ушул эле күнү президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Бусурманкул Табалдиев башында турган башкы прокуратуранын, ички иштер министрлигинин, коопсуздук кызматынын жетекчилеринин орун басарлары маалымат беришти. Пресс-конференцияда белгиленгенге караганда, Бекназаровдун кызматтан алынышына Карасуу районундагы “Туратали” базарындагы жана Ош шаарындагы «Алай» мейманканасындагы жагдайлар жана ага башкы прокурордун билип туруп, кылмышка жол бергендиги себеп болгон. “Бул жерде эч кандай саясий өңүт жок”, - деп билдирди Табалдиев. Ушул эле себеп менен президент Курманбек Бакиев башкы прокурордун орун басары Нурланбек Жээналиевди да кызматынан бошотту.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Азимбек Бекназаров март окуясынан кийин башкы прокурордукка дайындалып, Жогорку Кеңештен колдоо тапкан. Андан кийин ал депутаттык милдетин өткөрүп берген.

XS
SM
MD
LG