АКШнын түштүк-чыгышынан жылган “Рита” деген ураган Кубага жакындап бара жатат. Метеорологдор жакын арада шамал күчөйт дешкенинен АКШнын Флорида штатынын океан жээгиндеги аймактарында эс алып жаткан туристтерди башка жакка көчүрүү буйругу берилди.”Катрина” ураганынын астында калган Жаңы Орлеан шаарынын мэри шаар тургундарын кайра кайтпай турууга чакырды.