Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:46

Шрөдер менен Меркелдин талашынын келечеги белгисиз

Германиядагы парламенттик шайлоого катышкан ири саясий партиялардын лидерлери коалиция түзүү боюнча кеңешмелерди башташты. Жекшембиде болгон шайлоодо Анжела Меркел жетектеген оппозициядагы Христиан-демократиялык союз алдыга чыккан. Бирок канцлер Герхард Шрөдер башында турган Социал-демократиялык партиядан бир гана процент ашкан. Ошондуктан Анжела Меркел Шрөдерди жеңилгенин мойнуна алууга чакырып жатат. Ал эми Шрөдер жаңы өкмөттү өзү гана түзө алам деп жарыя кылууда.
​
XS
SM
MD
LG