Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Таласта Аскар Акаевдин жакындарына байланышкан кылмыш ишинде жаңы жагдайлар ачылды


ТАЛАС. Экс-президент Аскар Акаев үчүн Таластын Бешташ өзөнүндөгү улуттук парктын ичинде курулуп жаткан дачага жер аянты мыйзамсыз берилгендиги боюнча 17-май күнү ачылган кылмыш ишин сот органы кайра тергөөгө жиберген. Анткени жерди улуттук парктын ичинен бөлүштүрүүдө күнөөлү деп эсептелген улуттук парктын деректири Авас Адигинеев менен Талас райондук кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмүнүн башчысы Кенжетай Күлөшов сотто аларга көрсөтмөнү Бишкектеги башкы кеңседен беришкендигин айтышкан. Кайра тергөө ишин жүргүзүп жаткан төрт адамдан турган топ 16-сентябрь күнү кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча республикалык агенствонун мурдагы деректири Кеңеш Карачаловду жана ушул эле агенствонун инспекция башчысы Эркинбек Үчкемпировду камакка алышты. Бирок Жогорку Кеңештин жети депутатынын кепилдик катына таянып, бул эки адамдын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп 19-сентябрь күнү үй камагына чыгарылды. Улуттук парктын ичинен дача курууга жерди мыйзамсыз бөлдүргөнгө көрсөтмө бергендиги үчүн бул эки жетекчиге Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 304-статьясынын 3-бөлүмү менен айып тагылып жатат. Бул туурасында облустук прокуратурадан 20-сентябрь күнү маалымдашты.

XS
SM
MD
LG