БИШКЕК. Кыргызстандагы укук коргоо жана бейөкмөт уюмдары да баш прокурордун кызматынан бошотулгандыгына карата нааразылыктарын билдиришүүдө. Бул тууралуу 20-сентябрда пресс-конференция өткөргөн «Атуулдар коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова да, Азимбек Бекназаровдун кызматынан бошотулушу саясий мүнөзгө ээ болуп жаткандыгын белгиледи. Анын пикиринде, Азимбек Бекназаров азыркы бийлик өкүлдөрүнүн ичинде тармактарга таасир бөлүштүрүүнүн башталгандыгына карата өз позициясын айткандыгы үчүн, бийлик өкүлдөрүнүн арасындагы коррупциялык иштерге бөгөт койуу аракеттерине байланыштуу кызматынан бошотулду. Төлөкан Исмаилова ошондой эле 19-сентябрда парламент тарабынан Айдар Акаевдин депутаттык кол тийбестиктен ажыратылышы да Бекназаровдун кызматынан бошотулушуна себеп болду деген көз карашта.