Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Президентке кайрылуу жолдонду


БИШКЕК. 20-сентябрда Азимбек Бекназаровдун башкы прокурордук кызматтан алынышына нааразылык билдирип, өкмөт үйүнүн алдына чыккан топ Азимбек Бекназаровду коргоо комитетин түзүштү жана президент Курманбек Бакиевдин наамына кайрылуу жолдошту. Бекназаровду бошотуу тууралуу жардыкты жокко чыгаруу жана аны башкы прокурорлукта калтыруу талабы коюлган мындай кайрылууну ушул эле күнү түштөн кийин нааразылык чарага чыккандардын беш өкүлү президенттик админстрация башчысы Үсөн Сыдыковко тапшырды. Эгер кайрылууга оң жооп болбосо Бекназаровдун жактоочулары 21-сентябрда да өкмөт үйунун жанында нааразылык чарасын улантышмакчы. Бул тууралуу “Азатыкка” ушул эле күнү Азимбек Бекназаровдун тарапкери Анарбек Кайназаров билдирди.

XS
SM
MD
LG