ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:17

Ооганстанда өткөн шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруу кечигүүдө

Ооганстанда жекшемби күнү парламенттик шайлоо өткөрүлгөн жана бүгүн добуштарды саноо башталмак, бирок башталган жок, анткени бардык бюллетендер чогултулуп бүтө элек: "Добуштарды саноо Кабул провинциясында эртең башталат. Башка провинциялар тууралуу менде так маалымат жок", - дейт шайлоо комисиясынын өкүлү Сейед Хамид. Жыйынтык эки аптадан кийин гана чыгышы мүмкүн. Лойя Жырга деп аталган парламентте 249 депутат болот, андан тышкары 34 жергиликтүү кеңештин дагы мүчөлөрү шайланды.
​
XS
SM
MD
LG