Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Иракта танкилердин колдонушу менен кагылышуу чыкты


Ирактын Басра шаарынын полициясынын колуна түшкөн эки аскерди бошотуу үчүн британиялык аскерлер кечээ күнү кечинде танкилерди да колдонду. Шаар мэриясынын кызматкери Мохамед ал-Абадинин айтымында, кармалгандар жөнөкөй кийим кийип жүргөн жана Басрада эмне кылып жүргөнү белгисиз:

- Аларды кармап сурагандан кийин, биз - алар кандайдыр бир тапшырма аткарып жүргөнүн түшүндүк, бирок ал эмне тапшырма экенин алар айтпай койду. Алардын жетекчилиги дагы ал тапшырма тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты, бирок биз тергөө жүргүзөбүз.

Кармоо учурунда алар каршылык көрсөткөндүктөн, бир полициячы окко учуп, дагы бирөө жараат алган. Британия жетекчилигинин айтымында, кармалгандар бошотулууга тийиш болчу жана ал тууралуу Ирактын ички иштер министрлиги дагы атайын чечим чыгарган. Иракта бүгүн эки бомба жарылуусунан төрт америкалык аскер курман болду.

XS
SM
MD
LG