Ирактын бийлиги Британдык аскерлердин күч колдонгон аракетин айыптады. Алар Ирактын полициясы камакка алган эки жоокерин күч менен бошотуп алышкан. Ирактын премьер-министринин кеңешчиси Хайдер ал-Эбади муну “көңүлдү иренжиткен жаман иш” деп баалады. Ал эми Британия Ирактын полициясы эки жоокерди негизсиз кармап алып, шиилердин колуна берип койду деп, күч колдонгон аскерлердин аракетин туура көрүүдө.