Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:12

Украина өкмөтүндө кризис күч алды


Украинанын Жогорку Радасы президент Виктор Юшенконун өкмөт башчылыкка Юрий Ехануровду дайындоо сунушун колдогон жок. Ехануровдун премьер-министр болушуна 3 добуш жетпей калды. Президент Виктор Ющенко парламенттин мындай мамилесин атайын уюштурулган иш деп баалап, сабырдуулук менен кабыл алды. Мамлекеттик катчы Олег Рыбачук Ехануровдун талапкерлигин президент парламентке дагы бир жолу койорун, ал өтпөсө Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Юрий Луценко сунушталышы мүмкүн экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG