Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:41

Аба ырайы


БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 22-сентябрда күндүз Жалалабат, Ош, Баткен, Чүй жана Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Ал эми Нарын, Ысыккөл өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт

Абанын температурасы:

Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн +10...+15, күндүз +22...+27 градус жылуу. Талас дубанында түнкүсүн +3...+8, күндүз +21...+26 градус. Республиканын Жалалабат, Ош жана Баткен аймактарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +24...+29 градус жылуу. Ысыккөл ойдуңу боюнча абанын түнкү температурасы: +7...+12, ал эми күндүз +18...+23 градус жылуу болушу күтүлөт. Нарын жергесинде түнкүсүн +3...+8, күндүз +20...+25 градус.

Бишкек шаарында сейрек булут каптап турат. Өткүн өтөт. Абанын температурасы: түнкүсүн +11...+13, ал эми күндүз +24...+26 градус жылуу болот.

Кабарлар топтомун Бурулкан Турдубек кызы, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG