Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Жогорку Кеңеш комитети өкмөт түзүмү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук, сот-укуктук иштер боюнча комитети президент менен өкмөт биргелешип сунуш кылган өкмөт түзүмү тууралуу мыйзам долбоорун 21-сентябрда карап, палатанын жалпы отурумунда талкуулоо чечимине келди. Өкмөт тарабынан кайталап сунуш кылынган мыйзам долбооруна ылайык, өлкөдө келечекте он үч министрлик эки мамлекеттик комитет түзүлөөрү каралууда. Ошондой эле жаңы долбоордун негизинде Транспорт жана коммуникация министрлиги, өкмөттүн алдында миграция боюнча мамлекеттик комитет түзүлө турган болду. Жыйынга өкмөт башчы Феликс Кулов катышты. Буга чейин президент жана өкмөт тарабынан сунуш кылынган өкмөт түзүмүнө Жогорку Кеңеш макул болбой, өзүнүн алымча-кошумчалары менен кайра өкмөткө кайтарган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG