БИШКЕК. Аксы районунун айылдарынан чогулган миңге жакын өкүл 21-сентябрда митинг өткөрүп, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровду жактап, кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу митингдин катышуучулары телефон аркылуу маалымдашты. Райондун акими Тажимамат Туралиевдин билдиргенине караганда, кайрылуу төрт пункттан туруп, анда Азимбек Бекназаровдун башкы прокурордук кызматын калыбына келтирүү, Аксы окуясында набыт болгон 6 адамга Курманбек Бакиевди да күнөөлүү деп табуу, бул боюнча 24-сентябрга чейин жооп берилбесе, 28-сентябрдан баштап Жалалабат, Бишкек шаарларын көздөй жөө жүрүшкө чыгып, ар кандай акцияларды баштоо, 28-сентябрга чейин президент Курманбек Бакиевдин Аксыга келип кетишин суроо белгиленген. 10 киши кол койгон кайрылуу митингге катышкан президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү Алманбет Матубраимовго тапшырылды. Митингге облустук жетекчилер да катышты. Ал эми коопсуздук кызматынын катчысы Мирослав Ниязов «АКИ-пресс» агенттигине берген интервьюсунда президент Аксы районунда кырдаал курчуурун эске алуу менен бирге, Бекназаровду кетирген катачылыгы үчүн кызматтан алгандыгын, мында эч кандай саясат жок экендигин белгиледи.