Түндүк Корея дүйшөмбү күнү алты тараптуу сүйлөшүүлөрдө ядролук иликтөө иштерин токтотконго макул болгон эле. Бирок кечээ АКШга жаңы талап койду. Пхеньян, атап айтканда, Вашингтондон адегенде Түндүк Кореяга жеңил суу менен иштей турган атомдук реактор берүүнү талап кылып, ошондон соң ал өзүнүн программасын токтоторун билдирди. Бул сунушту Түштүк Корея менен Япония да алгылыксыз деп аташты.