Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты атып өлтүрүлдү


21-сентябрда түнкү саат 10дордо Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевди белгисиз бирөөлөр атып өлтүрүштү. Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнүн дарыгеринин айтымында ага эки ок атылып, бири жүрөгүн тешип кеткен. Оор жарат алган депутат ооруканага жетпей жан берген. Баяман Эркинбаев ушул жылы Улуттук олимпиада комитетинин президенттигине шайланган. Ага буга чейин жазында да кол салуу болуп, жеңил жарат алып, аман калган. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Шерниязов Эркинбаев бийлик жана байлык талаштын саясий курмандыгы болду деп баа берди.

XS
SM
MD
LG