Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:31

Каракече көмүр кенин салыкчылар текшерүүдө


НАРЫН. Нарын облустук мамлекеттик салык инспекциясынын начальниги Жумабек Мамырбаевден алынган маалымат боюнча, Каракече көмүр кенин басып алгандар айрым айлар үчүн салык төлөбөй, айрым айлар үчүн салыкты аз төлөп жатышат. Бүгүнкү күнгө чейин Каракечедеги көмүр таразага салыкчыларды киргизбей келишкен болсо, 22-сентябрда “Жоомарт” патриоттук кыймылынын лидери, “Акулак” мамлекеттик акционердик коомунун башкы директору Нурлан Мотуев салыкчыларды өзү алып кеткен. Каракечедеги окуялар башталгандан бери мамлекеттик казынага болжол менен 5 млн. сом түшпөй калган. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында салыкчылар июль айына болжолдонгон 356 миңдин ордуна 20 миң сом, август айы үчүн 500 миңдин ордуна 96 миң сом гана чогултушкан. “Нурлан Мотуев бул иштерди билет, маселени чечүүгө убада берип гана келет”, - дейт Жумабек Мамырбаев. Бирок ага карабай Нарын облусу боюнча салык чогултуу сегиз айдын жыйынтыгында 101 пайызга аткарылган.

XS
SM
MD
LG