Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Жалалабат облусунда жугуштуу ич келте дарты кайрадан жайыла баштады


ЖАЛАЛАБАТ. Облустун Ноокен районундагы Бүргөндү айылында жана Майлуусуу шаарынын Көкташ айылында 20 адам ичкелте оорусуна чалдыкты. Алар Майлуусуу жана Кочкората шаарларынын ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылды. Мындай маалымат 22-сентябрда облустук санитардык көзөмөл борборунан алынды. Оорунун чыгуусуна Майлуусуу дарыясында булганыч суулардын агуусу жана таза суунун жоктугу себеп болду. Жугуштуу оору табылган эки айыл өкмөтүндө тең дарыгерлердин атайын тобу иштеп, ичкелтеге шектүү адамдардын ысытмасы өлчөнүп, оорулуу үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүн текшеришүүдө. Кеселди андан ары жайылтпоо үчүн ичкелтеге каршы дары таркатылып, атайын чаралар көрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG