Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:50

Адистешкен прокуратура менен бажы кызматкерлери бири-бирин айыпташты


БИШКЕК. Бажы тармагы аркылуу бир жыл ичинде көмүскө экономикага 56 миллион доллар каражат ооп кеткен. Бул тууралуу 22-сентябрда башкы прокуратуранын алдындагы адистештирилген прокуратура башчысынын милдетин аткаруучу Кубан Мамакеев билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылкы иликтөөлөр боюнча Бишкек бажы бекети бюджетти 300 миллион сом, ал эми Ысыккөл бажы бекети 4 миллион сом зыянга учураткан. Ал эми аталган бекеттердин өкүлдөрү түшкө чейин маалымат жыйынын уюштурушуп, адистешкен прокуратура тарабынан кысым көрсөтүүлөр болуп жаткандыгын маалымдашкан.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG