Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Үсөн Сыдыков Карасуу базарына кимдер кожоюн экенин билбейт


БИШКЕК. Коопсуздук кызмат башчысы менен ички иштер министринин милдетин аткаруучуларды кызматтан кетирүү маселесин коопсуздук кеңешине сунуштаарын 22-сентябрда журналисттерге президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков билдирди. Мындай пикирин ал депутаттардын Жыргалбек Сурабалдиев менен Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө байланыштуу суроосуна ылайык билдирди. Анын айтымында, бул маселеге коопсуздук кеңеши чукул арада өз баасын бериши керек, анткени, мындай жагдай өлкөнүн стабилдүүлүгүнө жана аброюна доо кетирет. Сыдыков ошондой эле Карасуу базары ал райкомдун катчысы болуп турган кезде салынганын, бирок азыр анын ээси ким экени тууралуу маалыматы жок экенин да билдирди. Бир катар саясатчылар жана коомчулуктун өкүлдөрү Сыдыковду Карасуу базарына ээлик кылууга ынтызар адамдардын катарына кошуп келишет. Сыдыков болсо мындай дооматтарга байланыштуу сотко кайрыларын билдирди.

XS
SM
MD
LG