Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

Жогорку Кеңеш Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө байланыштуу токтом кабыл алды


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш депутат Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө байланыштуу токтом кабыл алып, анда Коопсуздук кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Таштемир Айтбаевди кызматынан четтетүүнү президентке сунуштады. Мындай сунушту колдоп 33 добуш берилди. Ал эми башкы прокурордун милдетин аткаруучу Бусурманкул Табалдиевге каршы 32, ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мурат Суталиновго каршы 16, анын орун басарлары Шеркозужан Мирзакаримовго каршы 45, Алымбай Султановго каршы 26, улуттук коопсуздук кызмат башчысынын биринчи орун басары Абдижалил Жамаловго каршы 16 добуш беришти. Күч структуралары сунуштаган маалыматтар канааттандырарлык эмес деп табылды. Парламент ошондой эле өкмөттүн алдында кылмыштуулукка карыш күрөшүү тобун түзүүнү өкмөткө тапшырды. Күч структураларына бир апта ичинде Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө байланышкан иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берүүнү тапшырды.

XS
SM
MD
LG