Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Парламентке президент, өкмөт башчы келди


БИШКЕК. Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө байланышкан маселени талкуулаган Жогорку Кеңештин отурумуна танапистен кийин президент Курманбек Бакиев, премьер министр Феликс Кулов, президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков, Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов жана күч структураларынын бардык жетекчилери келип катышты. Парламент депутаттын өлүмү боюнча ирети менен ички иштер министринин милдетин аткаруучу Марат Суталиновдун, башкы прокурордун милдетин аткаруучу Бусурманкул Табалдиевдин, Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязовдун, премьер министр Феликс Куловдун, Коопсуздук кызмат башчысынын милдетин аткаруучу Таштемир Айтбаевдин маалыматтарын укту. Акырында депутаттарга президент Курманбек Бакиев маалымат берди.

XS
SM
MD
LG