Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Түркия Евробиримдикке нааразычылыгын айтты

Түркия Кипрдин грек өкмөтүн таануу жөнүндөгү Евробримдиктин талабын бейкалыстык деп атады. Шаршемби күнү Евробримдиктин мүчөлөрү - Түркия биримдикке өтүү боюнча келерки айда башталчу сүйлөшүүдө - Кипр Грек Республикасынын Евросоюзга мүчө экенин таанышы абзел деген бүтүмгө келишкен. Бирок Түркиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Намик Тан: Евросоюздун талабы “Анкара менен Брюссель арасындагы кызматташуунун рухуна ылайык келбейт” деп билдирди бүгүн. Анкара азыр Кипрдин Түрк республикасын гана тааныйт.
XS
SM
MD
LG