Германиянын канцлери Герхард Шрөдер жана анын атаандашы Ангела Меркел жаңы өкмөттү ким жетектейт деген маселе боюнча алгачкы ырасмий сүйлөшүүнү өткөрүштү. Христиан-демократтык партиянын башчысы Меркел айым сүйлөшүү “констркутивдүү манайда өткөнүн” жана келерки аптада кайра улантылаарын маалымдады. Бирок “өкмөт башчы боюнча келишпестиктер бар”,-деп кошумчалады ал. Христиан-демократтар жекшемби күнкү парламенттик шайлоодо Шрөдер башындагы Социал-демокрттар партиясынан 1 процент көп добуш алган. Лекин эки партиянын бири да өкмөт түзүүгө жетерлик мандатка ээ болгон эмес.