Түркмөнстан менен Ооганстан чек ара аймактарын биргелешип жакшыртуу чечимине келишти. Ага негиз берген документке кечээ кол коюлду. Ага ылайык, эки мамлекеттин чек арачылары баңги соодасынын жолу болгон аймактарда көзөмөлдү күчөтөт. Түркмөнстан менен Ооганстандын чек арасынын узундугу 560 чакырым.