АКШ Грузиянын мамлекеттик аймагынын бүтүн болушун колдойт. Бул тууралуу кечээ кечинде АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Шон Маккормак билдирип, каршылашып жаткан Грузия менен Түштүк Осетияны талашты тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды. Шон Маккормак андан тышкары Түштүк Осетиянын эч ким тааныбаган көз карандысыздыгын колдобоого жана жаңы чатактарды болтурбоого Орусияны үндөдү.