Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:05

Аба ырайы


БИШКЕК. Синоптиктердин айтымында, 24-сентябрда Кыргызстандын аймагы боюнча дээрлик жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Батыш тараптан мелүүн жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +8...+13, күндүз +22...+27 градус жылуу. Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3...+8, күндүз +20...+25 градус. Баткен, Жалалабат, Ош дубандарында түнкүсүн +10...+15, күндүз +23...+28 градус ысык. Нарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +20...+25 градус жылуу. Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +18...+23 градус.

Борборубуз Бишкекте сейрек булут каптап турат. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Абанын температурасы: түнкүсүн +10...+12, күндүз +23...+25 градус жылуу болот.

Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG