Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:22

Жалалабат облусунда мамлекеттик тил күнү белгиленди


ЖАЛАЛАБАТ. 23-сентябрда облустук Барпы атындагы кыргыз театрынын аянтында өткөн мамлекеттик тил күнүн белгилөө салтанатын обулустук тил комиссиясы менен Жалалабат шаардык мэриясы уюштурду. Салтанатта облустагы орто мектептердин жамааттарынын кол өнөрчүлүк, сүрөт жана улуттук кийим-кечектер боюнча көргөзмөсү болду. Сүйлөгөндөр жана губернатордун орунбасары Камила Талиева менен шаар мэри Ильяс Айсариев улуттук тилге камкордук көрүлгөнү менен жасалган иш-чаралар жетишсиз экендигин белгилешти. Айрым мугалимдер кыргыз тили жана адабияты боюнча жана программага ылайык көркөм адабияттар жетишсиз экендигин, орус жана өзбек мектептерине кыргыз тилине саат аз бөлүнгөндүктөн тилге үйрөтүү эмес, жадесе улуттук каада-салттар менен толук тааныштрууга мүмкүн эместигин айтышты. Коомчулуктун пикири боюнча, мамлекеттик тилге түпкүлүктүү улуттун өкүлдөрү кызыгуусу зарыл жана кыргыз тилине зарылчылыктын жоктугунан мамлекеттик тил элеттик деңгээлден көтөрүлбөй жатат. Салтанатта Жалалабат шаарындагы орус жана өзбек мектептеринин окуучулары чоң программадагы оюн-шоокторун, тамашаларын тартуулашты.

XS
SM
MD
LG