БИШКЕК. Кыргызстанда 1-октябрда улгайган адамдардын эл аралык күнү белгиленет. Буга байланыштуу өлкөдөгү министрлик, мамлекеттик агенттик, жергиликтүү башкаруу органдарында атайын комиссиялар түзүлүп, октябрь айы ичи карыларга, алардын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлери жана катышуучуларына кошумча жөлөк пулдарды төлөө, материалдык жардамдарды, акысыз медициналык жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт. Карылар күнүнө карата премьер-министр Феликс Кулов Улуу Атамекендик согуштун катышчууларына, карылар үйлөрүндө жашагандарга жана майыптарга даректүү жардам көрсөтүү жөнүндөгү буйрукка кол койду.