Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:00

Бермет Акаевага кысым көрсөтүлө баштадыбы?


БИШКЕК. 23-сентябрда Бермет Акаева Бишкектен Алматы шаарына кетти. Ага чейин Акаевдердин үй-булөсүнүн адвокаты Максим Максимович «Азаттыкка» телефон чалып, казак-кыргыз чегиндеги «Акжол» чек ара бекетинен Бермет Акаева өтөөр маалда жаңжал болушу ыктымал деп маалымдаган. Ал мындай окуянын болушу Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө байланыштуу күтүлүүдө деп билдирген. Анын аралыгында Бермет Акаева камакка алынды деген да маалымат да белгисиз бирөөлөр тарабынан таралып, аны Бермет Акаева өзү жана Максим Максимович жокко чыгарышты. М. Максимович Бермет Акаевага кысым көрсөтүлө баштады деген пикирин да билдирди. Ал эми кечки саат алтыдан кийин адвокат Бермет Акаева «Акжол» чекарасынан өтүп баратканда ага эч кандай тоскоолдук болбогонун маалымдады.

XS
SM
MD
LG