БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин сөөгү 23-сентябрда Бишкектеги Аларча көрүстөнүнө коюлду. Аза күтүү каадасы Жогорку Кеңештин имаратынын алдында болуп, анда парламенттин спикери Өмүрбек Текебаев, маркум Баяман Эркинбаевдин бир туугандары, жердештери сөз сүйлөшүп, укук коргоо органдарынан кылмышкерлерди тез аранын ичинде таап, мыйзам алдында жоопко тартууну өтүнүштү. Эркинбаевдин бир тууган эжеси Жаркын Эркинбаева минтип жаны кейиди:
- Бул Кыргызстанда акыйкат барбы? Кандай деген бийлик келди? Эмне деген мамлекет болду? Жалаң эле чыгаан жаш жигиттерди атып өлтүрө берсе, калган жигиттерибиз кайда, каяка барат?
Баяман Эркинбаев 21-сентябрда түнкү саат ондон жети мүнөт өткөндө өз үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери билдиргенге караганда, окуя болгон жерде Макаров үлгүсүндөгү куралдан атылган октун үч гильзасы табылган. Бирок ага козголгон кылмыш ачыла элек. Баяман Эркинбаевдин өмүрүнө апрель айында дагы бир ирет кол салынып, ал боюнча козголгон кылмыш иши да ачыла элек болчу. Баяман Эркинбаев 1967-жылы 17-мартта Жалалабад облусунун Сузак районуна караштуу Карадарьыя айылында төрөлгөн. Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты. Акыркы жолу ал №16 Кадамжай шайлоо округунан шайланган. Баяман Эркинбаев Улуттук олимпиада комитетинин башчылык милдетин да кошо аткарып келаткан.