Оппозиция лидери Ангела Меркел бүгүн Жашылдар партиясын өкмөт куруу үчүн биргелешип коалиция түзүүгө ынандыра албады. Муну менен шайлодон кийин түзлгөн чалкеш кырдаалды жөндөөнүн дагы бир жолу жабылып олтурат. Жекшембидеги шайлоодо Меркел лидерлик кылган Христиан-демократтар партиясы канцлер Герхард Шрөдөрдүн Социал-демократтарынан 1% гана көп добуш алган. Бул алар өз алдынча өкмөт кура албайт дегенди билдирет. Аналитиктер эми саясий атаандаш болуп келген эки партия коалиция түзөөрүн айтышууда.