Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Тажикстанда америкалык аскерий база болбойт


Бул тууралуу тажик президенти Эмомали Рахмонов бүгүн иш сапары менен Жергетал районун барганда билдирди. АКШ быйыл жыл соңуна карата Өзбекстандагы аскерий базасын чыгарып кетиши керек. Өткөн аптада президент Рахмоновдун башкаруучу партиясынын жогорку даражалуу өкүлү АКШнын Өзбекстандагы аскерий жабдуулары менен жоокерлеринин бир бөлүгү Тажикстанга көчүрүлүшү мүмкүн экенин ишара кылган эле. Бирок Рахмонов "Итар –Тасс" агенттигине мындай маалыматтарды төгүндөдү. АКШ баштаган коалиция Ооганстандагы операциялар үчүн Тажикстандагы аба базасын колдонууда. Бирок ал жердеги жоокерлеридин саны аз жана алар негизинен франциялыктар.

XS
SM
MD
LG