Алар Техас жана Луизиана штаттарынын деңиз жээгиндеги райондордо жашаган калкын эвакуацияло учурунда, Даллас шаарынын чет жакасындагы жолдо улгайган адамдарды салып бара жаткан автобус өрттөнүп кеткенде мерт болушту. Автобустун өртөнүүсү эвакуация жүрүп жаткан кан жолдогу кыймылды да токтоткон.
"Рита" деп аталган ураган аталган эки штаттын жээктерине жумадан ишембиге караган түнү жэтээри күтүлүүдө. Ураганга карата даярдыктарды жеке өзү инспекциялоо үчүн президент Жорж Буш бүгүн Вашингтондон кичи мекени Техас штатына келүүдө. Кечээ Буш мындай деди:
- Бул күчтүү бороон жана Техастын жээгиндеги тургундардын жергиликтүү бийликтин айтканын аткаруусу өтө маанилүү. Өкмөттүн ар бир баскычынын өкүлдөрү жамандыкка даярданууда.
Жалпысынан Техас менен Луизиана штатынын жээктеринен жана АКШнын төртүнчү ири шаары - Хьюстондон эки миллиондон ашуун адам көчүүдө. Бул - АКШдагы эң масштабдуу эвакуация. Мурадарак ал тикелей Хьюстонго жана анын жанындагы Гальвестон шаарына сокку урары күтүлгөн эле. Эми метереологдордун соңку маалыматтарына караганда, Хьюстондон 100 чакырымдай түндүк-чыгышта Порт Артур деген шаарчанын жанына сокку урчудай. Ошондой эле жакындагы Катрина ураганынан бош калган Жаңы Орлеан шаарын да кайрадан суу каптайт деген коркунуч бар. Ураган алып келген жамгырдан пайда болгон суулар, кабарларга караганда, шаардын кээ бөлүктөрүндө тизеден өйдөлөп калды.