БИШКЕК. Европада жашаган кыргыздардын “Манас” коому Кыргыз бийлигине жана жалпы Кыргызстандын элине кайрылуу жолдоду. Анда Кыргызстанда кадр саясаты жердешчиликтен жана тууганчылыктан арыла албай, коррупция кайра күчөп жатканы, Курманбек Бакиевдин бийликке келиши менен кылмыштуу абал курчуп, бийликке ыңгайсыз адамдарга карата буйрутма киши өлтүрүүлөр болуп жатканына тынчсыздануу билдирилген. “Манас” аба майданы менен “Кыргызстан аба жолдорунун” ортосундагы келишпөөчүлүктөн улам, эл аралык каттамдар бир канча күнгө кармалышы эл аралык коомчулуктун алдында өлкө беделин түшүргөнү айтылган. Кайрылууда өлкө бийлигинен шайлоо алдында элге берген убадаларын так сактоо, Акаев доорунда түзүлгөн кадр саясатын кайра карап чыгуу, коррупция менен чечкиндүү күрөшүп баштаган Азимбек Бекназаровду кайра башкы прокурордукка коюу талап кылынган. Бул тууралуу “Азаттыкка” 24-сентябрда Европадагы кыргыздардын “Манас” коомунун жетекчиси Данияр Деркембаев билдирди.