Акыркы 12 күндө 191 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары сөз сүйлөштү. Кечээ жылдык сессиянын жабылышында Баш жыйындын президенти Ян Эллиассон Улуттар уюму мүчө-өлкөлөрдү жакырчылыкты жою, терроризм менен күрөш жана БУУну реформалоо боюнча өткөн аптада кабыл алынган документти ишке ашырууга шымаланып киришүүгө чакырды. Швециалык экс-дипломат "алдыдагы күндөрдө жана апталарда бул келишимди ишке ашырууга Улуттар уюмунун мүчө-мамлекеттеринин эрки жана чечкиндүүлүгү жетеби?" - деп бүт дүйнө көз салып тураарын эскертти.