Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Аксылыктар президенттин отставкасын талап кылышууда


БИШКЕК. Жекшембиде Аксы районунун Жаңыжол айыл өкмөтүндө 12 миңдей киши катышкан митинг болуп, анда президент Курманбек Бакиевдин отставкасын талап кылган кайрылуу кабыл алынды. Бул тууралуу Аксыдан телефон аркылуу Адам укугу боюнча кыргыз комитетинин төрага орун басары Кубаныч Маматкеримов билдирди. Ал кайрылууда Кыргызстанда коррупция менен жападан жалгыз күрөшүп аткан Азимбек Бекназаровду бийлик атайын бошотту, ал үчүн жалган материалдарды чогултту, бул маселени эмне үчүн Коопсуздук кеңеш караган жок, Курманбек Бакиев өз арызы менен кызматтан кетсин деген ойлор айтылган. Кайрылууну Кубаныч Маматкеримов телефон аркылуу окуп берди:

- Азыркы бийлик Акаевдин тушундагыдан да жаман болду. Жападан жалгыз коррупция менен күрөшүп аткан Бекназаровду атайын жумуштан алышты. Мурунку бийликтен калган менчикти бөлүштүрүп, коррупцияга чулганган бийлик криминал менен да алака түзө баштады. Ушундан улам Курманбек Бакиевдин бийликте калууга моралдык укугу жок.

Аксы районунун тургундары президент Курманбек Бакиевдин 28-сентябрга чейин Аксыга барышын талап кылышууда. Эгер президент барбаса анда мөөнөтсүз нааразылык чараларды баштаарын билдирип жатышат.

XS
SM
MD
LG