Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Укук коргоочу Чикунованын эмгеги Германияда бааланды


Өзбекстандык укук коргоочу Тамара Чикунова Адам укугун коргоо боюнча эл аралык Нюремберг сыйлыгын алды. Укук коргоочуга сыйлык Өзбекстанда өлүм жазасын колдонууга каршы күрөшкөнү үчүн берилип, бүгүн Нюремберг шаарында Германиянын ички иштер министри Отто Шили тарабынан тапшырылды. Тамара Чикунова Ташкенде жайгашкан “Энелер өлүм жазасына жана уруп-кыйноого каршы” фондунун негиздөөчүсү.

Эл аралык соңку кабарларды Прагадан Амирбек Азам уулу даярдады

XS
SM
MD
LG