Шайлоо комиссиянын маалымдашынча, түшкө чейин 30 миллион шайлоочунун 7 проценти гана добуш берди. Бул - өлкө 2004-жылдын майында Евробиримдикке кошулгандан берки биринчи парламенттик шайлоо. Сурамжылоолорго караганда, орточул “Жарандык платформа” партиясы менен “Мыйзам жана адилет” партиясы эл арасында чоң колдоого ээ.