Бакуда Азербайжан оппозициясынын альянсы уруксатсыз демонстрация өткөрдү. “Азатлык” бирикмесине кирген үч партиянын бири - Азербайжан улуттук майданынын өкүлү Исак Авазоглунун билдиришинче, полиция жыйындан жүздөн ашуун катышуучусун кармап кетти. Кабарчылардын билдиришинче, “Отставка!” жана “Эркин шайлоо!” деген ураандарды көтөрүшкөн адамдар жол тоскон полициянын катарын бузуп өтмөк болушканда, полиция аларды желим таяк менен сабап, куушту.