Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:08

ЕЭКУнун өкмөт башчыларынын жыйыны болот

БИШКЕК. 27-сентябрда Тажикстанда Евразия экономикалык кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын жыйыны өткөрүлөт. Отурумда жыйырмадан ашуун маселе каралат. Анда соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү, биргелешкен бажы тарифин иштеп чыгуу, маданий кызматташтыкты чыңдоо тууралуу маселер бар. Бул жыйынга Кыргызстандан вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров жетектеген делегация катышат. Евразия экономикалык кызматташтык уюмуна Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Белоруссия өлкөлөрү мүчө.
XS
SM
MD
LG