Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

БШК парламентти таратуу боюнча топтолгон колду жараксыз деп тапты


БИШКЕК. «Эркиндик» партиясы тарабынан парламентти таратуу боюнча буга чейин чогултулган кол жараксыз. Анын себебин Борбордук шайлоо комиссия башчысы Туйгунаалы Абдраимов мындайча түшүндүрдү:

- Анткени 1990-жылы кабыл алынган «Референдум тууралуу мыйзамда» демилгелүү топ кол топтоордон мурда Юстиция министрлигинен каттоодон өтсүн деп жазылган. Ал эми «Эркиндик» партиясынын кол топтогон демилгелүү тобу өткөн апта соңунда гана каттоодон өттү. Ошондуктан алардын буга чейинки топтогон колдору жараксыз.

Ал эми «Эркиндик» партиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев буга чейин атуулдардын колун президенттикке талапкерлер колдонгон расмий баракчанын үлгүсүнө топтогондугун айтып, БШКнын мындай маалыматы негизсиз деген пикирин билдирди. Ошондой эле Топчубек Тургуналиев кол топтоо боюнча БШКга июль айында эле кайрылгандыгын айтып, өз убагыда жооп бербей, өз милдетин так аткарбагандыгы үчүн БШКны сотко бере тургандыгын эскертти.

XS
SM
MD
LG