Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Кыяc Молдокасымов – УТРКнын президенти


БИШКЕК. Президенттин жарлыгы менен “Азаттык” радиосунун Бишкек бюросунун мурдагы директору Кыяc Молдокасымов Улуттук телерадиокорпорациясынын президенти болуп дайындалды. Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов аны дүйшөмбүдө Улуттук телерадиокорпорациясынын жамаатына тааныштырды. Ошондой эле ал президент кол койгон башка да буйруктарды окуп берди. Анда 24-марттан кийин УТРКга президент болуп дайындалган Султан Абдракманов аталган корпорациянын биринчи вице-президенти, Бейшенбек Бекешов вице-президенти болуп дайындалганы белгиленген. Кыяc Молдокасымов кесиби боюнча тарыхчы. 1963-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда төрөлгөн.

XS
SM
MD
LG