Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:27

Азимбек Бекназаровду коргоо комитети кайрылуу жолдоду


ЖАЛАЛАБАТ. Кайрылууда экс-башкы прокурордун кызматтан туура эмес алынганы белгиленди. Азимбек Бекназаровдун бийлик алмашуусундагы жана коррупцияга каршы күрөшүүдөгү өтөгөн эмгектери жогорку бийлик тарабынан унутулганы ортого салынып, Карасуу шаарындагы окуяларды териштирген мамлекеттик комиссиянын ишине нааразычылык айтылган. Жөнгө салынып бараткан өлкөдөгү саясий кырдаалга анын кызматтан алынышы кескин таасир тийгизээри эскертилип, Аксыда утуру жыйын өткөргөндөр менен Азимбек Бекназаровду коргоо боюнча облустагы комитет Бекназаров кызматка кайра дайындалганда гана саясий акциялардан баш тартаары билдирилген. Экс-башкы прокурордун кызматтан четтетилишин депутаттар, саясий уюмдар менен көз каранды эмес эксперттерден турган комиссиянын иликтөөсүн жана Азимбек Беканазаровго башкы прокурорлукту кайра берип, баштаган ишинин аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүүсү талап кылынган. Талаптары аткарылбаса 27-сентябрдан кийин саясий акциялар башталары эскертилди. Ошол эле учурда Сузак районундагы Кызылтуу айылынан 50 аял аксылыктардын талабын четке кагып, президент Курманбек Бакиевди колдоо үчүн тегерек үстөл уюштуруп, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөөрүн билдиришти.

XS
SM
MD
LG