Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:34

Ирландиянын республикачыл армиясы толук куралсыздануу боюнча өз убадасын аткарды


Бул тууралуу ИРАны куралсыздандыруу боюнча комиссиянын башчысы генерал Жон де Честелейн ырастады. Соңку бир нече апта ичинде комиссия мүчөлөрү ИРАнын өкүлдөрү менен бирге курал тапшыруу процессине катышканын айтып, генерал Честелейн армияга тийиштүү көп сандаган куралдарды комиссия кабыл алганын, бул тууралуу британ жана ирланд өкмөтүнө ырасмий түрдө айта аларын билдирди.
XS
SM
MD
LG